Кумтөрдө кызматкерлердин айлыгы 100% төлөнүп берилди

Кумтөр алтын кенинде иштеген кызматкерлердин айлык акысы толук төлөндү. Бул тууралуу Кумтөр алтын кениндеги абал менен таанышуу үчүн барган журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, алтын кендин өндүрүш боюнча аткаруучу директорунун милдетин аткарып жаткан, алтын иштетүүчү фабриканын менежери Нурдин Усенов билдирди.

"Жалпы 3500 адам иштейт. Бардыгы кыргыз жарандары. Айлык акы төлөнүп берилди. Быйылкы жылга жумушчуларды кыскартуу каралган эмес", - деди Усенов.

19-майда Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кенин иштеткен "Кумтөр голд" компаниясынын жетекчилери иштеп жаткан кызматкерлердин айлыгы тууралуу бухгалтердик табелди өчүрүп кеткенин билдирген.

17-майда "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилди, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Кумтөр Голд" компаниясына тыштан башкаруучу кылып Тенгиз Бөлтүрүктү дайындаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД