
Көмүрдүн чекене баалары республика боюнча 2021-жылдын 4 ноябрына карата үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 10,4 пайызга жогорулап, бир тонна 5 720,5 сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 9 874,2 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 9 718,8 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 746,4 сом) шаарларында катталды.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 000 сом) Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.
Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен - тоннасы 1 423,9 сомго же 23,7 пайызга, Жалал-Абад – тоннасы 880,9 сомго же 15,0 пайызга, Талас – тоннасы 695,4 сомго же 12,2 пайызга жана Бишкек – тоннасы 654,6 сомго же 14,4 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.