Чектөөдөн улам электр жарыгы өчсө эмне кылуу керек. Расмий жооп

Электр кубатын колдонууда жарандар лимиттен ашканда "акылдуу" эсептегич өзү эле электр энергия берүүнү токтотот. Бул тууралуу "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 7-ноябрда бир фазалуу колдонуучуларга 5 киловаттык, ал эми үч фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлгандыгы белгилүү болду. Мындан улам чектөөдөн ашкан колдонуучулардын үйүндөгү электр кубаты автоматтык түрдө өчөт.

"Эгер абоненттин электр энергиясы чектөөдөн ашып кеткенде өчсө, алар өз алдынча аны кайра күйгүзүп алышат. Ошол маалда электр каражаттарын өчүрүп, андан соң эсептегичтеги баскычты басып күйгүзсө болот. Алардын баскычтары жана өңдөрү эсептегичтин моделине жараша ар кандай жерде болот", - деп билдиришти алар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД