Бишкек СЭЗдин жетекчиси Кудрет Тайчабаров үч басылманы сотко берди

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров "Азия ньюс" гезитин жана "Назар ньюс", Gezitter.org сайттарын сотко берди. Бул тууралуу жергиликтүү маалыматтык агенттигине ырастады.

Анын айтымында, журналисттер ага карата кылмыш иши козголорун айтып, туура эмес маалымат беришкен.

"Материалда мени түрмөгө олтургузат деп айтышкан. Мени эч ким суракка чакырган жок. Ага эч кандай негиз жок. "Бишкек" экономикалык аймагын УКМК кызматкерлери такай көзөмөлдөп турушат. Бул маалыматтан кийин мен реанимацияга түшүп, кан басымын көтөрүлүп кетти. Мен гезиттерден 50 миллион сом талап кылдым", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД