Ойлонбой ооз ачкан – чуулгандуу министр Бейшеналиев…

Ойлонбой ооз ачкан, ооздугу жок жана обу жок саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы үн катты. Ал кечеки Жапаров менен Путиндин расмий сүйлөөшүүсүндө уу коргошун тууралуу сөз болгондугун санжыра кылып айтып чыккан. Путин өзү кызыгып суроо бергендигин себеби; бул каражат Россияда дагы айрым ооруларга дары катары колдонуулары жөнүндө Бейшеналиев элге билдирүү тараткан. Бирок, кайрадан мындай маалыматты төгүндө катары президенттин маалымат катчысы расмий билдирүү жазды. Анда мындай туура эмес билдирүүлөр менен Жапаровдун беделин түшүрүп жана мамлекетти шылдыңга калтыруусу толук мүмкүн экенин билдирди ал.

Обу жогу орсок уй саайт, дегендей эле болдук сыягы. Бейшеналиевдин буга чейинки кылык-жоруугун элдин эсинен чыга электе, кайрадан дагы шоусун тартуулап элдин кыжырына тийип отурат. Бир ай мурун эле уу коргошунду кантип ичиш керек экенин, трибунадан көрсөтүп элди дүрбөөлөнгө салган болчу. Аны айрым жарандарыбыз туура эмес түшүнүп алып, уу коргошун ичкендин натыйжасында ОО дүйнөгө кете бергендер да болбой койгон жок. Министрдин мындай кылыгын сындаган Жогорку Кеңештин депутаттары "отставкага" кетүүсүн талап кылышкан болчу. Бирок, буга министр раекция кылбай келген. Детутат Рыскелди Момбеков; Агынан жарылып, Бейшеналиевке "Ковид кетпесе койсун, комиктер кетсин" деген сын-пикирин ачык айтып чыккан. Эми болсо каалаганымды жасасам болот экен деген ойдо болгон министрибиз. Бүгүн дагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына ректорду шайлоо чаралары жүрүп жаткан. Мында ирээти менен болбой өз убагынан, артка жылдырылып жатканын айтышууда. убактылуу токтошуна министр себепчи болуп жатат дешүүдө. Жана дагы жеке кызыкчылыктардын кагылышы коштоп жатканын митингчилер билдиришкен. Бүгүн медицина академиясынын жамааты нараазчылыгын билдирип митингге чыгышты. Ошол буйрукту жокко чыгаруу өтүнүүчү менен президентке кайрылуу жасашты. Андагы талапта ректорду шайлоо өз убагында өтүшү керек деп эсептешет.

Чуулгандуу жоругу менен белгилүү министр өз тагдырын өзү кесет турган өңдү болуп калды. Бир нече шоуларынан кийин министр өз уятты менен жумуш ордун бошотуп берсе деле, оозонгон министрге жарашат эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД