Электр лампасы. АрхивБишкектин айрым жерлери 19-майда жарыксыз калат

Бишкектин айрым райондорунда эртең, 19-май күнү, жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Компаниянын бригадалары трансформаторлорду ремонттоп, ошондой эле подстанцияларды оңдоп-түзөө менен алектенишет.

Өчүрүлө турчу жерлер:

9:30-17:00 - 3-кичи райондогу № 14/1, 11/1, 7/1, 6/1, 28/1, 28/2, 29, 29/1, 29/2, 29/3, 29/6 үйлөрдө;

10:00-12:00 - 11-кичи райондогу № 12/1, 12/2, 13/1, 14/1, 14/2, 14/3 үйлөрдө;

12:00-14:00 - 8-кичи райондогу Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү № 45, 47, 46/1, 46/2, 77, 79, 81, 83 үйлөрдө;

9:30-11:00 - Жантөшев, Карпатская, Шопоков көчөлөрүнүнүн, Сумской кууш көчөсүндө жана № 98а үйдө;

9:30-18:00 - Медакадемиянын районунда, Арча-Бешик (Кең-Кол, Кен-Суу, Ала-Арча 1, Жазыйра, Бадахшан, Чортеков көчөлөрү), Көк-Жар (Ой-Терскен, Ахунбаев, Босого, Тоң, Көк-Жар, Жеңижок, Куйручук көчөлөрү) жана Келечек (Тирек-8, Келечек-12, Хвойная көчөлөрү) конуштарында;

9:00-18:00 - Абдыкадыров, Матыев, Островский, Айни, Бакаев, Гагарин, Красный, Тыныбеков, Леваневский, Асаналиев, Керимбеков, Логвиненко, Валдайская көчөлөрүндө, Манас жана Жибек Жолу проспектилеринде, Яблочный жана Смоленск кууш көчөлөрүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД