Кечээ, 8-ноябрда таңкы саат 04:00 чамасында журналист М.Бны белгисиз адамдар сабап кетишкен. Бул тууралуу жабырлануучу өзү билдирди.
Анын айтымында, окуя Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде болгон. "Honda Accord" үлгүсүндөгү унаадан 6 белгисиз бала чыгып, үн-сөз жок эле, ур-токмокко алышкан.
"Үйгө кетейин деп жолго чыксам, бир унаа токтоп келип, ичинен 6 бала чыгып, мени сабап киришти. Алардын баары кармалды. Бирок Биринчи Май РИИБи сүйлөшүү жолу менен чечели деп эч кандай чара колдонбой жатат. Сабаган балдардын туугандары ИИМде иштешет экен,"-дейт журналист.
Жабырлануучунун баш мээси чайкалып, мурду сынган. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.