Садыр Жапаров электр энергиясы боюнча түшүндүрмө берди

"Сиздерге толук маалымат берип коюуну туура көрдүм. Антпесем, мени келе калып эле энергетика системасын кризиске батырып салгандай көрсөтүп, сындап жаткан айрым жарандарыбыз социалдык түйүндөрдөн түшпөй жатышат", - деп баштады сөзүн өлкө башчы.

Андан соң президент акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салынбаганын, кошуна өлкөлөрдөн кышкысын электр энергиясын сатып алып турганыбызды кошумчалады.

"Кыргызстан үчүн бул өтө уят иш. Арзан баада алса дагы мейли дейсиң го. Бир киловатты беш сомдон алып, элге 77 тыйындан берип турушкан. Албетте, беш сомдон деп кагаз жүзүндө көрсөтүлгөнү менен чыныгы баасы арзан эле болсо керек. Калганы чоңдордун чөнтөгүнө кетип турган. Балким, ушундай кызыкчылыктарды улантып, жыргап жашай бериш үчүн өзүбүздө жаңы ГЭСтерди курушкан эместир? Ошентип жеп отуруп энергетика системасын банкрот абалга жеткиришкен. Жыйынтыгында 140 миллиард сомго жакын карызга батырышкан", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө аталган сумманы Энергетика министрлиги төлөп, ички жана тышкы булактарга карыз экенин айтты.

Жапаров учурда карыздардан кутулуу, кичи жана орто ГЭСтерди куруу башталганын айтты. Мунун аркасы менен 2024-2025-жылдарда энергетика системасы кризистен чыгарын кошумчалады.

Көмүр тууралуу - "Кыргыз көмүр" ишканасында жайы менен саботаж болгон, ал азыр деле уланууда, бул саботажга коррупцияны жок кылуу аракеттери себеп болуп жатканын кошумчалап, шылуундук иштер кандай жол менен ишке ашарын айтып берди.

"Мисалы, Кара-Кечеден Балыкчыдагы көмүр кампага машинанын номери менен кагаз эле келет экен. Мөөр басылып, кабыл алынды болот. Чындыгында ал көмүрлөр кагаз жүзүндө гана калат. Кийин алардын ордун толтуруу үчүн Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет. Ошентип ТЭЦ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн. Ошол үчүн ушул ишке аралашкан бир нече адамдар камалышты. Кум аралашкан көмүр жагууну токтоттук", - деди Жапаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД