Эртең Орусиянын ишкерлери Кыргызстанга келет

Эртең, 10-ноябрда Орусиянын ишкерлери Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду билдирди.

Өлкөгө Орусиянын көп тармактуу 70тен ашуун компаниясынан өкүлдөр келери болжолдонууда. Үч күндүк иш сапардын алкагында алар Кыргызстандагы ишкерлер, компания жетекчилери менен Бишкектеги Novotel мейманканасынын жыйындар залында жолугушууларды өткөрөт.

Орусиянын Экспорт борбору менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду уюштуруп жаткан иш-чаранын максаты Орусиядагы компаниялардын өндүрүмүн Кыргызстанга жайылтуу, өлкөгө инвестиция тартуу, эки тараптуу кызматташтык болуп саналат.

Отурумдарда негизинен энергетика, айыл чарба, машина куруу, ресурс үнөмдөө тармагын өнүктүрүү, санарип технология, коопсуздук чөйрөсү сыяктуу маселелер талкууланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД