
Кыргызстанда 10-ноябрга карата коронавирус дагы 46 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдиришти.
Бишкек шаарында – 28,
Чүй облусунда – 2,
Ош облусунда – 1,
Нарын облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 10 адамдан илдет жаңы табылган.
Ал эми бир суткада 69 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 583 бейтап, амбулатордук түрдө 778 адам дарыланууда.