Аккумулятор уурдап жүрүшкөн деп 2 жигит кармалды

Сокулукта уурулукка шектелип жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-октябрында Сокулук РИИБне арыз менен Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын М.А. аттуу тургуну кайрылып, ал үйүнүн жанында токтоп турган "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү автоунаасынын аккумуляторун белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факт Сокулук РИИБнин КЖБРне КР Жазык кодексинини 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө учурунда аталган кылмышка шектелип Бишкек шаарынын убактылуу жашаган 2001-жылы туулган А.Б. жана 2001-жылы туулган Э.М. аттуу жарандар кармалган. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү жарандар башка ушундай эле 6 кылмышка тиешеси бар деп аныкталууда.

Аталган жарандарга карата КР Жазык кодексинин 200-беренеси менен шектүү жөнүндө кабарлама берилип, ошол эле күнү Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД