
2021-жылдын 9-ноябрында Жалал-Абад шаарында жайгашкан №10 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан үрмөнүн ичине киргизилмекчи болгон баңги зат табылды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, №10 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан ичинде кочкул-жашыл түстүү зат (марихуана) бар скотчко оролгон 7 түрмөк табылган. Алардын жалпы салмагы 3 кг 450 граммды түзгөн.
Бул факт КЖБРге катталып, ЖАМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан иликтөө жүргүзүлүүдө.