
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тарбиялоо ишинде пенитенциардык психологиялык кызматтын ролу" - деген темада тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тренингдин негизги максаттары: соттолгондорго, жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине психологиялык жардам жана колдоо көрсөтүү жаатында жаңы билимдерди алуу, ошондой эле сергек социалдык-психологиялык климатты сактоо.
Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумунун маанилүү маселелеринин бири болуп кызматкерлердин илимий көз карашын өнүктүрүү, алардын туруктуу моралдык-психологиялык абалын колдоо, пенитенциардык психология жаатында жаңы прогрессивдүү маалыматтарды алуу жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу саналат.