Бүгүн кыргыз футболчулары Сингапурдун курамасы менен оюн өткөрөт

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сингапурдун курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Беттеш 11-ноябрда Бишкек убактысы менен саат 19:00дө Шарджа шаарындагы "Аль-Хамрия" стадионунда башталат.

Белгилей кетсек, кыргызстандык футболчулар Бахрейн курамасына каршы 16-ноябрда дагы жолдоштук беттеш өткөрөт.

Жолдоштук беттештер 2023-жылкы Азия кубогуна тандоо оюндарына даярдык көрүү катары өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылкы Азия кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматта өтөт. Азия кубогунун тандоо турунун тайпалык этабынын оюндары 2022-жылдын 8, 11 жана 14-июнь күндөрү өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД