Бишкекте соода борборунун жанында аялын сабаган жигит кармалды

Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы соода борборунун жанында аялын сабаган кишинин видеосу тараган. Аны дем алыш күндөрү окуянын күбөлөрү тартып алган.

Свердлов райондук милициясынан агенттикке билдиришкендей, аялды сабоо фактысы боюнча 1993-жылы туулган К.А., аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Маалыматка ылайык, видеодогу эркек менен аял жубайлар болушат, тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД