Бүгүн Бишкектин үч жаңы конушунда таза суу жок болот. Кайсылар?

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектин бир катар конуштарында таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 16:00гө чейин "Ак-Жар", "Ак-Бата" жана "Келечек" конуштарында муздак суу убактылуу өчүрүлөт.

Суунун өчүрүлүшү "Ак-Жар", "Ак-Бата" суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД