
Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тез жардам унааларынын айдоочуларына түшундүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жыл башынан бери Бишкекте тез жардам унаалары катышкан 15 жол кырсыгы катталган.
Бишкек шаарынын аймагында жыл башынан тартып, тез жардам унааларынын катышуусунда 15 жол кырсыгы катталып, 7 жаран жол транспорт кырсыгынан жаракаттарды алышкан. Катталган жол кырсыктарынын көпчүлүгү оорулу бейтапты ооруканага алып бара жаткан учурда каршы тилке менен айдап бара жаткан учурларда карама каршы тилке менен келе жаткан унаалардын өз убагында жол бошотуп бербөөсү жана катуу ылдамдыкта айдоодон келип чыккандыгы, ошондой эле кээ бир тез жардам унааларынын техникалык абалы оң абалда эместиктен жол кырсыктары келип чыгып жаткандыгы байкалууда.
Мына ошого байланыштуу Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Саламаттыкты сактоо Автобазасындагы тез жардам унааларынын айдоочуларына жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жолугушуу учурунда биринчиден унаанын техникалык абалына көңүл буруп, жайкы дөңгөлөктөр кышкы сезонго алмаштыруу зарыл экендигин жана оорулуу жарандарды ооруканага ыкчам жеткирүү учурунда, каршы тилке менен айдоодо башка унаалардын жол бошотуп берүүсүнө көңүл буруп, кыймыл учурунда жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттарды байма-бай иштетүү керек экендигин эскертишти.
Эскерте кетсек кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан "Коомдук транспорт" аталышында рейд өткөрүлүүдө.