
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, генерал-майор А.Эгембердиев WBC муай тай версиясы боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук чемпионатынын чемпиону Никита Цойду куттуктады. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын буйругу менен жетишилген спорттук натыйжалары жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу тутумунун жашоосуна активдүү катышкандыгы үчүн №31 мекемесинин тиш доктуру ички кызматтын лейтенанты Цой Никита Александровичти II даражадагы "Кайрат" медалы менен, машыктыруучусу Айталиев Сыргак Рыскуловичти "Жемиштүү кызматташтыгы үчүн" медалы менен сыйланып, Федерациянын генералдык катчысы Даутов Дильшат Эрназаровичке алкыш жарыяланды.
"Чемпионду, анын жеке машыктыруучуларын жана ошондой эле Федерацияны ийгилиги менен куттуктайм. Биздин кызматкерлер-спортчулар өздөрүнүн алдына бийик максаттарды коюп, ага жетишүүдө. Жеңишке болгон майтарылбас эркиңиз жана алдыга коюлган максатка жетүү үчүн жумшаган күчүңүз, күчтүү жоокердик духуңуз жаңы спорттук бийиктиктерди багынтууга мүмкүндүк берсин" – деди төрага А.Эгембердиев.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №31- мекемесинин тиш дарыгери Никита Цой бала кезинде бир жыл таэквондо ITF менен машыккан. Тай боксуна 2013-жылы келген. Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону. ышкыбоздор арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, жарым профессионалдар арасында дүйнөнүн чемпиону. Машыктыруучусу Сыргак Айталиев менен "Спарта" клубунда машыгат.