
Жол боюна эгилген гүлдөрдү жулуп барып, аялына берген адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын И.Монуев көчөсүндөгү жол боюнда шаарга көрк берип, Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү мекемеси тарабынан вазондорго отургузулган гүлдөрдү жулуп кеткен жаран кармалды. Ал 1980-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну Э.Ш. болуп чыкты. Ал өз көрсөтмөсүндө: "Ошол күнү үйгө көбүрөөк ичип бардым эле. Аялым аябай нааразы болуп, үйдөн кууп чыкты. Мен чынында күнөөлү элем. Акыркы мезгилде көп ичип жатам. Анан кантип аялымдын көӊүлүн алып үйгө кирүүнү ойлоп жаткамын. "Белек алайын" десем-жанымда тыйыным жок. Жолдо, тумбада жакшынакай гүлдөр турган экен. Ошону жулуп алып үйгө кирдим. Аялыма бердим. Кабыл алды. Бирок, мен туура эмес кылдым. Мас элем",-деп билдирген.
Бул боюнча шектүүнүн бир тууган карындашы келип, мамлекетке кеткен чыгымдарды калыбына келтирген.