Тизмеде бар бекенсиз? Эртең шайлоочулардын тизмесин тактоочу акыркы күн

КР БШК парламенттик шайлоого шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн 1 күн калгандыгын шайлоочуларга эскертет. 2021-жылдын 19-сентябрынан башталган шайлоочулардын тизмесин тактоо 12-ноябрга (кошуп алганда) чейин жүргүзүлөт.

Урматтуушайлоочулар!

2021-жылдын 12-ноябрына чейинки (кошуп алганда) өзүңүз тууралуу маалыматты шайлоочулардын тизмесинен тактаңыз:

1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;

"https://tizme.gov.kg/" сайтында;

шайлоо участогунда;

өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык "Ар бир шайлоочу шайлоочулардын алдын ала тизмесинде кандай болбосун ката же болбосо так эместикти тапкан, ошондой эле анда өзү жок учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, ырастоочу документтердин көүчүрмөлөрүн тиркөө менен, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациялоодон өтөт".

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, "https://tizme.gov.kg/" сайтында "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.

Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандар, мындан тышкары, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыруу үчүн жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ – ЦОН) кайрылуусу зарыл.

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды шайлоочулардын тизмесинен өздөрү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу жана маалыматтарды тактоо максатында баардык 2494 шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмелери илинди. Тизмелер өлкөнүн аймагындагы 2435 шайлоо участогунда жана чет өлкөлөрдөгү 59 шайлоо участогунда илинди, ошондой эле шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын контролдук тизмелери шайлоочулардын "Тизме" - https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды.

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2021-жылдын 18-ноябрында "Тизме" порталына жайгаштырылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД