"Ак шумкарлар" Сингапур курамасын утуп алды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сингапурдун курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Оюн БАЭнин Шарджа шаарындагы "Аль-Хамрия" стадионунда болду.

Жыйынтыгында эсеп 2:1 болду.

Атаандашынын дарбазасына голдорду футболчулар Айзар Акматов менен Эрнист Батырканов киргизди.

Сингапур курамасынын дарбазасына алгачкы гол 3-мүнөттө киргизилди. Экинчи гол 9-мүнөттө киргизилди.

Белгилей кетсек, 16-ноябрда Кыргызстандын курама командасы Бахрейн курама командасы менен беттешет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД