Кыргы-тажик чек ара чырында жабыркагандардын абалы айтылды

Бишкекте дарыланып жаткан беш кишинин үчөөнө операция жасалган. Баткен менен Оштогу ооруканада 15 киши медициналык жардам алууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта жабыркап Улуттук госпиталда дарыланып жаткан бейтаптар жакынкы убакта чыгарылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

"Биздин бөлүмгө беш киши түшкөн. Экөөнө операция жасалган, абалдары турукташты. Мурду сынган дагы бир бейтап ЛОР бөлүмүнөн операция болду. Аларды толук текшерип, дартын айыктырдык, жакынкы күндөрү чыгарабыз", - деди Жапаров.

Чек арадагы кагылышта курман болгон үч жоокерге "Эрдик" медалы ыйгарылды

Ал ошондой эле бейтаптар тарабынан медициналык жардамдын сапатына, дары-дармек жана тамак-аш менен камсыздоо боюнча даттануулар болбогонун белгиледи. Бардыгы бекер дарыланууда.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда 204 киши жабыркап, анын 168и жаракат алса, 36сы көз жумган. Учурда Баткен менен Ошто 15 адам дарыланууда. Алардын да жакында ооруканадан чыгышы күтүлүүдө. Ошондой эле бир бейтап Түркияга дарыланууга жиберилген.

Белгилей кетсек, бийлик каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом, жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин берүүнү убадалаган. Компенсация үчүн төлөнө турган каражат республикалык бюджеттен алынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД