Салык кызматы 405 баш бодо малды уруксатсыз ташып келүү аракетин токтотту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрмө пункттарына жакын жайгашкан товарларды каттоо пункттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден бир катар товарларды ташып келүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныкташкан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" каттоо пунктунан 405 баш бодо малды, 95 баш жылкыны, 240 м/куб жыгачты ташып келе жаткан жүк ташуучу машиналар кармалган.

"Чалдыбар" товарларды каттоо пунктунан 3 тонна кургатылган мөмө-жемиш, 3 тонна бадыраң жана 80 м/куб жыгачты, "Ак-Жол" товарларды каттоо пунктунан 3 даана медициналык жабдууларды алып өтүүгө аракет кылышкан.

Бардык импорттоочуларда товарларды ташып келүүгө карата уруксат документтери жок болгон.

Бузуу боюнча материалдар мыйзамга ылайык мандан ары чара көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД