Өлкөнүн мамлекеттик карызы канча? Финансы министрлигинин маалыматы

2021-жылдын 30-сентябрына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд 865 млн 85 миң долларды (412 578,68 млн сомду) түзөт.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 4 млрд 151,72 млн доллары тышкы карыз, 714,13 млн доллар ички карыз.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында мамлекеттик карызды төлөөгө республикалык бюджеттен 26 млрд 105,5 млн сом бөлүнгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД