
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы аталган кызматтын мурдагы жетекчилеринин сүрөттөрүнүн арасына Жаныш Бакиевдин да портрети кошулуп илинип калганы үчүн коомчулуктан кечирим сурады.
"Урматтуу жарандар, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сурайт. Бүгүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшкөн түзүмдүн мурдагы жетекчилеринин портрети илинип, ал жакта эч кандай күмөн ойлорсуз Ж.Бакиевдин дагы портрети дагы кошулган. Бирок, бул кетирилген катачылык учурунда оңдолуп, стендден портрети алынды", - деп айтылат маалыматта.