Бишкекте хоккей боюнча өлкө чемпиондугу старт алды

Бүгүн, 12-ноябрда, Бишкек шаарында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 1-туру старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Чемпионатка жалпы беш команда катышып жатат: "Алга" (Бишкек шаары), "Нарын Шумкарлары" (Нарын шаары), "Дордой" (Бишкек), "КТЖ" (Бишкек) жана "Нураалы Аке" (Жумгал) командасы.

Мелдештин программасы:

12-ноябрда - "Алга" – "Нарын шумкарлыры", "Дордой – "КТЖ", "Нураалы Аке" – "Нарын шумкарлары".

13-ноябрда - " Дордой" – "Алга", "Нураалы Аке" – "КТЖ", "Дордой" – "Нарын шумкарлары".

14-ноябрда - "Нураалы Аке" – "Алга", "КТЖ" – "Нарын шумкарлары", "Нураалы Аке" –"Дордой", "Алга" – "КТЖ".

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жана Кыргызстандын хокей федерациясы тарабынан өткөрүлүүдө.

Мелдештин кийинки турлары февраль, апрель айларында болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД