Жыргалаңда кароосуз калган шахта урап, бир киши көз жумду

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында 13-ноябрда кароосуз калган шахта урап түшүп, бир киши каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга шахтанын ичинде 1963-жылы туулган К.В. аттуу эркек киши калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 13 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын денесин алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД