
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 3600 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрынан 11-ноябрына чейин Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 3999 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -61 айдоочу;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -6;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу -54;
-Жасалма номур менен унаа башкаруу -3;
-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 47;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 3439;
292 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.