Алдыдагы шайлоого карата шайлоочулардын тизмеси такталды. Бул тууралуу БШК билдирди.
Маалыматка ылайык, бир мандаттуу округдарда 3 миллион 621 миң 751 шайлоочу катталган. Өлкө боюнча 3 миллион 699 миң 46 шайлоочу бар.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт.