Соттолуп кетесиңер. Жапаров жарандарды шайлоодо добушун сатпоого чакырды

"Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар", - деп эскертти президент Садыр Жапаров.

Өлкө башчысы шайлоодо добуш сатып алууга 1,5-2,5 жылга эркинен ажыратуу каралганын белгилейт.

"Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан, шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин", - дейт Садыр Жапаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД