Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле бекемделүүдө. Бул туурасында Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Ал бүгүн, 18-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтан ишеним грамотасын кабыл алып, эки өлкөнүн мамилеси тууралуу кеп салган.
"Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых бириктирип турат, бири-бирибизге өз ара ишеним жана урмат-сыйыбыз бар. Орусия жана Кыргыз Республикасы соода-экономикалык, аскерий-техникалык, маданий, гуманитардык жана башка тармактарда эриш-аркак ийгиликтүү иш алып барып, Евразия интеграциясын өнүктүрүүгө биргеликте салым кошуп келет", - деген Путиндин сөзүн Кремлдин маалымат кызматы таратты.
Белгилей кетсек, Орусиянын президенти лидери 24-майда Сочиде ушул тема боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүү болорун кошумчалаган.