УКМК: Салымбеков бюджетке 100 млн сом төктү

Айыл чарба азыктарын экспорттоодогу коррупция фактысы боюнча 100 миллион сом мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Атайын кызмат ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба азыктарын ташуудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Мурда маалымдалгандай, Айыл чарба министрлигинин айрым кызмат адамдары жеке бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктарды экспорттоого уруксат кагаздарын каттоо үчүн экспорттоочулардан мажбурлоо жолу менен акча чогултуп, мыйзамсыз киреше алуу боюнча туруктуу канал уюштурушкан.

Буга байланыштуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин айрым кызматкерлери, бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле "Дордой Дыйкан" базарынын директору Салымбеков Эркин Мааткабылович кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул коррупциялык схемага тиешеси бар айрым ишканалардын салык төлөөдөн качкан фактылары да аныкталган.

Кылмышка шектүү Эркин Салымбеков келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 100 миллион сом салган. Келтирилген зыяндын толук көлөмү текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет. Муну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасына өзгөрттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД