Идиш-аякты жуучу сапатсыз каражаттар рактын өнүгүшүнө алып келет

Идиштерди туура эмес жуу, анын ичинде сапатсыз жуучу каражаттарды колдонуу залалдуу шишик дартынын өнүгүшүнө алып келет. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыгышты.

"Айрым идиш-аяк жуучу каражаттардын курамында формальдегид бар. Бул продуктунун сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн кошулат. Бирок бул зат териге жана былжыр челге зыяндуу. Мындан тышкары, ал иммунитетке терс таасирин тийгизет жана рак шишигинин өнүгүшүнө салым кошот.

Ошондой эле идиш-аяктарды толугу менен кургамайынча шкафка салууга болбойт. Анткени нымдуулук ар кандай бактериялардын жайылышына пайдалуу чөйрө болуп саналат. Бул жыгач идиштерди колдонууда эң коркунучтуу", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД