Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана мекемелердин статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол койду.
Кыргызстанда "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам күчүнө кирди. Анын алкагында министрликтердин жана мекемелердин статс-катчы институту жоюлган.
Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, статс-катчылардын ишмердигин талдоонун негизинде "бул институттар өздөрүн актаган эмес" деген тыянак чыгарылган.
Мамлекеттик органдардагы статс-катчылар институтунун жоюулушун эске алуу менен анын милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын бирине жүктөлөт.
Кызматтан алынган статс-катчылардын тизмеси:
Айбек Акмолдоев - Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы;
Нурдин Алишеров - Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;;
Нуржан Баардинова - Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
Жылдыз Бопушева - Инвестициялар министрлигинин статс-катчысы;
Самат Борубаев - Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Чынгыз Кененбаев - Министрлер кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
Азамат Мамбетов - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;
Кутман Мамыров - Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Исламбек Мойдинов - Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
Абдисамат Сагымбаев - Санариптик өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
Бактыбек Секимов - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы;
Калысбек Шадыханов - Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
Абдухалык Шамшиев - Юстиция министрлигинин статс-катчысы.