Бишкекте 4,6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөрү эскертилди

"Түндүкэлектр" ишканасы Бишкекте миңдеген абонентинин жарыгын өчүрөрү тууралуу эскертүү берди. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-ноябрдан тартып дебитордук карызы бар 4600 абоненттин электр жарыгы автоматтык түрдө аралыктан өчүрүлө баштайт.

"Шаар боюнча абоненттердин дебитордук карызынын жалпы суммасы 12,1 миллион сомду түзүүдө", - деп билдирди "Азаттык" радиосуна ишкананын басма сөз катчысы Мээрим Жусупова.

Мындай эскертүү ноябрь айында экинчи ирет берилип жатат. Айдын башында карызы бар 6 миң абоненттин электри өчүрүлөрү айтылган.

Кыргызстанда быйылкы кыш электр энергиясынын тартыштыгы шартында башталууда. Бишкекте үч фазалуу эсептегичтерге пломба коюлуп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД