Көңүл буруңуздар! Жылуулук энергиясы өчүрүлөрү күтүлүүдө

Осмонкул жана Древесный көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы газ түтүктөрүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотот.

Буга байланыштуу"Бишкекжылуулукэнерго"коммуналдык ишканасы 2021-жылдын 15-19-ноябрына чейин жылуулук жана ысык сууну жабууга мажбур.

"Красный строитель" конушунун Дачный №23 көчөсүндөгү дарек боюнча жайгашкан №21 мектеп-интернат отканасы өчүрүлөт.

Жеринде "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын оңдоо бригадасы жана бардык керектүү техникалары иш алып барууда.

Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы оңдоо иштерин аяктары менен дароо жылуулук энергиясын берүүнү кайра жандандырабыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД