Эскертүү! Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

"Бишкексууканал" башкармалыгы билдиргендей, 16-ноябрда саат 9:00дөн 16:00гө чейин борбор калаанын "Энесай", "Дордой 1", "Дордой 2" конуштарында муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, муздак суунун өчүрүлүшүнө "Энесай" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндөгү авариялык оңдоо иштери себеп болууда.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан ичүүчү суу камдап алууларын суранат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД