Бажы кызматкери Андрей Ливерко армлифтинг боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чемпиондук Бишкек шаарында 12-14-ноябрда өткөн. Мелдешке Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Азербайжан, Индия, Ирак, Алжир, АКШ, Монголия, Грузия жана башка мамлекеттердин спортчулары катышкан.