Жупуева: БШКга админресурс колдонулганы тууралуу фактылар түшө элек

Акыркы убактарда админресурс колдонулуп жатканы тууралуу фактылар келе элек. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Айдана Жупуева "Маралдын" эфиринде билдирди.

Ал шайлоонун башында админресурс колдонуу фактыларынан улам райондун акимдери жумуштан алынган учурлар да болгонун эскерди.

"Азыр мурункудай административдик ресурс колдонулбай калганын көбү айтып жатат. Кээ бир жактарда майда жоруктар катталып калса, биз, БШК, аны тез арада карап туруп эле чара көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө БШКга акимдер, айыл өкмөттөрү ачык эле бир талапкерди же саясий партияны колдоп, жардам берип жатат деген чоң фактылар келе элек. Талапкерлердин өздөрүнүн үгүт иштерин жүргүзүүдөгү мыйзам бузуулары же бир саясий партиянын башка партияны каралоосу сыяктуу фактылар гана катталып жатат", - дейт Жупуева.

Ал эми шайлоо күнү БШК тилкенин ичинде болуп жаткан нерселерге гана жооп бере турганын кошумчалады. Эгер участоктун сыртында мыйзам бузуу болсо, шайлоочу же башка партиянын өкүлдөрү арыз жазып кайрылса болот. Боршайком аны карап, ИИМге өткөрүп берип, мыйзам бузуу фактысы болгону тастыкталса, иш козголот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД