Шаардык спорт инструктору дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болду

Бизде жакшы жаңылык! Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын инструктору, самбо боюнча Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү Самара Абдумалик кызы самбо боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду.

Мелдештер 10-ноябрдан 15-ноябрга чейин Ташкентте (Өзбекстан) өттү.

Спортчу 50 кг салмакта күч сынашкан.

Бишкек шаарынын мэриясы Самара Абдумалик кызын дүйнө чемпионатындагы ийгиликтүү оюну менен чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана мындан да чоң жеңиштерди каалайт! Рахмат!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД