Башаламан көмүр саткандарга карата рейддер жүрүүдө

Милициянын кайгуул кызматы башка мамлекеттик кызматтар менен рейддик иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы учурда Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматы Мамлекеттик монополияга каршы кызматы, Мамлекеттик салык кызматы, Энергетика министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин кызматкерлери менен биргеликте комиссия түзүп, Свердлов районунун аймагында өз алдынча мыйзамсыз жогорку бааны коюп, башаламан көмүр сатып жаткан жарандарга карата рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Максаты - сууктун күнүндө көмүргө муктаж болгон жарандарды ыңгайсыздыкка салып, өз алдынча жогорку баа коюп, жогорку тариф менен сатып жаткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД