Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында "Камаз", Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, жети жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон (3 эркек, 4 аял), ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган. Учурда аты-жөндөрү такталууда.
Жерине Кара-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган.