Минскиде КМШ өкмөт башчылары бир катар документтерге кол койду.

Отурумга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышкан. КМШ өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны 12-ноябрда Бишкек шаарында өтөт.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандан иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышкан.

КМШ мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары тарабынан төмөндөгү документтерге кол коюлду:

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин жугуштуу оорулардын жайылышына каршы туруу боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин орто мөөнөттүү планы жөнүндө;

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймактарын санитардык жактан коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин калкын жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Туура эмес товардык белгилердин жана географиялык көрсөткүчтөрдүн колдонулушун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу;

КМШга мүчө мамлекеттердеги мамлекеттик материалдык резервдерди башкаруучу мамлекеттик (аткаруу) бийлик органдарынын 2030-жылга чейинки мезгилдеги кызматташтыгынын концепциясы жана аны ишке ашыруунун негизги иш-чаралар планы жөнүндө;

КМШга мүчө мамлекеттердин 2025-жылга чейинки шарп оорусунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын топтому жөнүндө;

Шериктештикке мүчө мамлекеттердин геодезия, картография, кадастр жана жерди аралыктан зонддоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө;

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрдүн офицерлерин ыкчам-стратегиялык даярдоо жаатындагы негизги уюму жөнүндө.

Кадрдык дайындоолор жөнүндө.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны Беларустун Минск шаарында өткөн.

КМШ өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны 12-ноябрда Бишкек шаарында өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД