Күндүн видеосу - Бишкекте аял жол ортосуна чыгып алып бийледи

Бир аял жолдун ортосуна туруп алып бийлеп, андан кийин машинесине отуруп кетип калган. Муну көргөн күбөлөр, аял мас болчу окшойт деп божомолдошту. Бирок экспертиза жасатылмайын аны так билүү мүмкүн эмес. Балким, бир нерсеге уттуруп ийди же жөн гана пранк болчу.

Ал алгач бийлеп, андан кийин ишенимдүү, түз эле машинесине отуруп, айдап кетип калган.

Көргөндөр болгон окуяны видеого тартып алып, мессенджерлерге таратып ийишкен. Kaktus.media редакциясы МККБга комментарий алуу үчүн кайрылган. Алар окуянын чоо-жайын тактагандан кийин маалымат берүүнү убада кылышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД