
Бишкек шаарынын Мурманский 30Б дарегинде кошумча көмүр сатуу кампасы ачылды. Бул тууралуу Кыргызкөмүр ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул жерден көмүрдүн бир тоннасын 3000 сомго сатып алууга болот.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кара-Кеченин көмүрүн арзан баада сатууну уюштуруу боюнча тапшырма берилген.
Калк тарабынан көмүр сатып алуу суроо талабы жогору болгондуктан кошумча дагы бир кампа ачылды.
Арзан баада көмүр сатып алууну каалагандар Бишкек шаары, Мурманский1Б/1, Мурманский 30Б даректери менен келип сатып алууга болот.