GEF фонду 5 студентти АКШ, Европада акысыз окутуу үчүн сынак баштады

Global Education Foundation фонду 5 мектеп бүтүрүүчүсүн Америка жана Европага окууга жөнөтүү үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган фонддун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов "Маралга" билдирди.

Сынактын негизинде 5 бүтүрүүчү тандалып алынып, АКШ, Европага окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бардык чыгымы фонд тарабынан каржыланат. Сынакка катышуучулар үчүн бир канча шарттары бар:

-11-класстын бүтүрүүчүсү болуусу керек;

-TOEFL 70тен, IELTS 6.0, Duolingo 90 баллдан көп болушу шарт;

-билим алуу үчүн каржылык жардамга муктаж болушу керек.

Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөр www.gef.kg сайты аркылуу кабыл алынат.

Белгилей кетсек, GEF - кыргызстандык мектеп бүтүрүүчүлөрүн чет өлкөдө акысыз окутуу үчүн түзүлгөн фонд.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД