
Таяк тартыш боюнча Ош облусунун биринчи ачык чемпионаты өттү. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара Ош мамлекеттик педагогикалык университети (ОшМУ) жана КРнын Таяк тартыш федерациясы тарабынан уюштурулуп, аталган окуу жайдын имаратында өткөрүлгөн.
Иш чарага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри Венера Рыскулова, Ош облусунун губернаторунун орун басары Данияр Имангазыев жана таяк тартыш федерациясынын президенти Искендер Алымбеков катышты.
Аталган чемпионат Ош шаарында биринчи ирет өткөрүлүп жатат. Ага Бишкек шаары, Баткен облусу жана Ош облусунун райондорунан келген спортчулар жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.
Иш-чара спортту жайылтуу, облустар аралык ынтымакты бекемдөө жана жаш спортчуларды шыктандыруу максатын көздөйт.
Мелдеште жалпы кыздар жана балдардан куралган 8 команда ат салышты. Үчүнчү орунду Ош мамлекеттик университетинин, 2-орунду ОшМПнун колледжинин, 1-орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы багындырды. Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.