БШК коомдук байкоочуларды шайлоого даярдык көрүү боюнча тренингге чакырат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-ноябрда саат 10.00дө "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жөнүндө" деген темада коомдук байкоочулар үчүн окутуучу тренинг өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коомдук байкоочулар төмөнкү маселелер боюнча маалымат алышат:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

- Шайлоолордун ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуунун технологиялары;

- Шайлоо талаштары. Шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо колдонула турган техникалардын иштөөсүн иш жүзүндө көрсөтүү.

Катышуу үчүн: 0312 62 62 87 номерине кайрылыңыздар

Онлайн туташуу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз:

Zoom боюнча жыйынга кошулуу

https://us02web.zoom.us/j/8690689629?pwd=aUhiTkhick9rOVlDZUxrdGJobjBkZz09

Конференциянын идентификатору: 869 068 9629

Кирүү коду: 112233


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД