Кадамжайда электриктер үйлөрдөгү электр жылыткычтарына пломба басышууда

Баткен облусунун Кадамжай райондук электр тармактарынын кызматкерлери жергиликтүү тургундардын үйлөрүндөгү электр жылыткычтарына пломба басып жатат. Бул тууралуу Наргиз Мадеминова аттуу Facebook колдонуучусу жеке баракчасына жазып чыкты.

Анын жазгандарына караганда, Кадамжай райондук электр тармактарынын кызматкерлери жергиликтүү тургундардын үйлөрүндөгү электр жылыткычтарына пломба басып, аларды колдонгонго тыюу салып жатышат.

"Кадамжай да үйлөргө кирип мына ушундай кылып пломба басып электр печкалар га тыю салып газга откуло, көмүр жаккыла деп жатышат экен. Балалуу үй бүлөө сууктун күнүндө түндөсү электр печкасы жок түнү менен көмүр жагып чыгыш керекпи эми. Көмүрдүн баасы асманда болуп жатса, бир кышка 1тонна көмүр алып калганын ток менен чыккандар да көп көмүр алыш оңой эмес ко", - деп жазган Наргиз Мадеминова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД