
Россиянын шаарларындагы шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштурууга көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Жыйынга КР БШК төрайымы Н.Шайлдабекова, Россия Федерациясынын БШК төрагасынын орун басары Н.Булаев, Россия Федерациясынын Ички иштер жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ошондой эле Россия Федерациясынын субъекттеринин мамлекеттик органдарынын, Россиядагы шайлоо участкаларынын шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында добуш берүүчү жайларды, жабдууларды жана добуш берүүчү кабиналарды камсыздоо, электр энергиясы жана интернет менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, шайлоо өтө турган күнү укук тартибин жана өрт коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Россия Федерациясынын айрым субъектилеринде карантиндик чектөөлөр киргизилген учурда шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.
Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Булаев парламенттик шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө кыргыз тарапка максималдуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.
КР БШК төрайымы Н.Шайлдабекова парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында КР БШКнын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, КР ТИМ кызматкерлеринен түзүлгөн "мобилдүү топтор" чет өлкөдөгү мекендештер менен иштөө үчүн жиберилгендигин билдирди. Бул топтор алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участкаларынын даректерин жана санын аныктоо, жарандарды консулдук каттоого алуу, биометрикалык каттоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле ZOOM платформасында чет өлкөдөгү шайлоочулар менен шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча онлайн жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.
Эки өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиялары добуш берүүнү уюштурууда пайда болгон маселелерди ыкчам чечүү механизмдерин талкуулады, кыргыз тарап көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн шарттарды кеңейтүү максатында, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөдөгү шайлоо участкаларынын саны 59га чейин көбөйтүлдү. Алардын 21и Орусиянын шаарларында жайгашкан.
Россия Федерациясынын аймагында Москва шаарында алты, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Краснодар, Самара, Казань, Томск жана Хабаровск шаарларында бирден шайлоо участоктору орун алган.
Ошону менен бирге Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында шайлоо участоктору биринчи жолу түзүлдү.
Учурда шайлоочулардын тизмесинде 83 464 чет өлкөдө жашаган же жүргөн шайлоочулар катталган.